Түп районундагы үч айылда 90дан ашык үйдү суу каптады

Түп районундагы үч айылда 90дан ашык үйдү суу каптады.

 

Селдин кесепети тууралуу баштапкы мааалыматтарды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты. Ага ылайык, Талды-Сууда 28, Корумдуда 40тан ашык, ал эми Көөчү айылында 24 үйдү суу каптады.

 

Селдин айынан чарбалык жолдор, айдоо аянттары зыянга учурады.

 

Учурда жалпысынан 100дөн ашык куткаруучу беш топко бөлүнүп алып иштеп жатат. Кырсык болгон аймакка кошумча техника тартылды. Селдин кесепетин тактоо уланып жатат, — деп айтылат маалыматта.

 

Эске салсак, кечээ нөшөрлөп жааган жаандан улам Ысык-Көл облусунун Түп районундагы айылдарда сел жүргөн.