Сауд Арабия Кыргызстанды конок визасы бериле турган өлкөлөрдүн катарына кошту

Сауд Арабия Кыргызстанды конок визасы бериле турган өлкөлөрдүн катарына кошту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

 

Электрондук виза бир жылдык мөөнөткө берилет. Аны алгандар Сауд Арабиянын аймагына көп жолу кирип, 90 күнгө чейин жүрсө болот.

 

Конок визасы туризмге байланыштуу иш-чараларга катышууга, жарандардын үй-бүлөсүнө жана туугандарына барууга, эс алууга жана ажылыктан тышкары умра зыяратын аткарууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок мындай виза окуу жана иштөө максатында кирүүгө берилбейт.