Ат-Башы ГЭСинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Аткарылган жумуштардын алкагында электр жабдууларын тазалоо, майлоо, сырдоо, сыноодон өткөрүү иштери жүргүзүлдү.
Муну менен Ат-Башы ГЭСинде жылдык оңдоо графиги боюнча иштер толугу менен аяктады.