Баткен облусунда жаңы окуу жылына карата 4 мектеп колдонууга берилди

Баткен облусунда жаңы окуу жылына карата 4 мектеп колдонууга берилди. Алар Орто-Боз, Кыштут, Кайтпас жана Жеңиш айылдарында жайгашат. Андан тышкары, жакынкы арада дагы 3 мектеп окуучуларга каалгаларын ачат деп пландалууда.

 

Белгилеп кетсек, облус аймагында учурда 34 билим берүү мекемесинин курулушу жүрүп жатат. Анын 25и мектеп болсо, тогузу бала бакча.