Кыргызстанда окутуу жана миграцияга чейинки даярдоо борборлору ачылды

Кыргызстанда окутуу жана миграцияга чейинки даярдоо борборлору ачылды. Эмгек министрлигинен билдиришкендей, алар облус боюнча 10 кесиптик лицейдин базасында түзүлгөн.

 

Борборлор Кыргызстандын ички рыногу үчүн да, чет жакка дагы эмгек кадрларын даярдайт жана алардын квалификациясын жогорулатат. Анын алкагында жумушсуздар, калктын социалдык жактан аялуу катмарларына кыска мөөнөттүү курстар уюштурулат.

 

Билим берүү программалары санариптик инструменттерди жана гибриддик окутуу форматтарын колдонуу менен адаптацияланууда.