“Манчестер Ситинин” башкы машыктыруучусу Хосеп Гвардиола УЕФА версиясы боюнча жылдын мыкты машыктыруучусу деп аталды.
52 жаштагы испаниялык адис англиялык клубду 2016-жылдан бери машыктырып келет.
Өткөн сезондо ал тарбиялануучулары менен биргеликте Чемпиондор лигасын, Англиянын премьер-лигасын жана Англия кубогун утуп алган.