Билим берүү министрлиги окуучулардын каникул күндөрүн бекитти

Билим берүү министрлиги окуучулардын каникул күндөрүн бекитти. Күзүндө балдар 6-ноябрдан 10-ноябрга чейин эс алышат, кышкы каникулдар 1-январдан 14-январга чейин, жазгысы 21-марттан 31-мартка чейин болот.

 

Кошумчалай кетсек, биринчи класстын окуучулары үчүн жазгы каникул үчүнчү чейректе кошумча бир жумага узартылат. Бүгүн мектептерде толук кандуу окуу процесси башталды.