Жумгал районунда “Агулак” жаңы көмүр кенин ачуу пландалууда

Жумгал районунда “Агулак” жаңы көмүр кенин ачуу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Казуу иштери боюнча макулдашуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен кытайлык компаниянын ортосунда жетишилди.

 

“Агулак” тилкесинде көмүр казунун негизги максаты – жаңы жумуш орундарын түзүү жана компаниянын ишмердүүлүгүнөн түшкөн салыктардан облусту өнүктүрүү болуп эсептелет.