“Конституциялык сот жөнүндө” долбоор ЖК комитетинде карала баштады

5-сентябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор талкууланып жатат.   Тармактык комитетте юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков баяндама жасады. Ал мыйзам долбоорунда Конституциялык сот караган маселе боюнча жаңы… Кененирээк…

Криштиану Роналду карьерасындагы 850-голду киргизди

Португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду карьерасындагы 850-голду киргизди. Форвард Сауд Арабиянын чемпионатынын бешинчи турунда өзгөчөлөнө алды. Анда “Аль-Наср” “Аль-Хазм” клубун 5:1 эсебинде утуп алган.   Роналду бир гол киргизип, эки жыйынтыктуу пас берген. Эске салсак, чабуулчу атаандаштын дарбазасына киргизилген топтордун саны боюнча дүйнөлүк рекордчу болуп эсептелет.… Кененирээк…

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын энергетика, таза суу, ирригация жана айыл чарба тармактарындагы ири долбоорлорду каржылоого даяр

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын энергетика, таза суу, ирригация жана айыл чарба тармактарындагы ири долбоорлорду каржылоого даяр.   Бул тууралуу аталган мекеменин Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Навид Накви премьер Акылбек Жапаров менен жолукканда билдирди.   Эки тарап Дүйнөлүк банктын 2024-28-жылдарга өнөктөштүктүн жаңы алкактык программасы, Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын… Кененирээк…

Бишкекте быйыл Кара-Кече көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынды

Бишкекте быйыл Кара-Кече көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынды. “Азаттыкка” Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдиргендей, мындай чара ордо калаада кышында көйгөйгө айланган ышты азайтууга багытталат.   Бишкекке Казакстандын көмүрүн ташып келүү пландалып жатат. Анын баасы 6 миң сомдун тегерегинде болушу мүмкүн, — деди… Кененирээк…

АКШда дүйнөдөгү эң узун бутерброд даярдалды

АКШда дүйнөдөгү эң узун бутерброд даярдалды.   Эт, сыр салынган сэндвичтин узундугу 220 метрге жетип, Гиннес рекорддор китебине каттоого алынды. Аны уюштуруучулар адаттагыдай акысыз таратышпастан, кесип көрүүчүлөргө сатышкан.   Ал эми түшкөн акча кайрымдуулукка жумшалды.

Ордо калаанын борбордук көчөлөрүндө  эртең менен жана кечкисин жол кыймылын жөнгө салуу киргизилет

Ордо калаанын борбордук көчөлөрүндө  эртең менен жана кечкисин жол кыймылын жөнгө салуу киргизилет.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бул Бишкекте соңку күндөрү катталып жаткан жол тыгындарын азайтууга багытталган иш-чара.   Жарандар жумушка баратканда жана кайра үйлөрүнө кайтып баштаганда жол инспекторлору Байтик Баатыр,… Кененирээк…

Бишкекте суу тартыштыгы боюнча маселени чечүү боюнча иштерди жүргүзүү уланууда

Бишкекте суу тартыштыгы боюнча маселени чечүү боюнча иштерди жүргүзүү уланууда. Ахунбаев жана Көк-Жаңгак көчөлөр кесилишинде жаңы суу скважинасы пайда болду.   Анын тереңдиги дээрлик 200 метрге жетип, кубаттуулугу – саатына  65 кубометрди түзөт. Жаынкы арада Лев Толстой – Логвиненко, Жайыл Баатыр – Чортеков жана Ауэзов… Кененирээк…

Республикада казинолордун ишмердүүлүгүнөн 3 айда 31,5 миллион сом салык түрүндө түштү

Республикада казинолордун ишмердүүлүгүнөн 3 айда 31,5 миллион сом салык түрүндө түштү. Мындай маалыматты Каржы министрлиги таратты. Ведомстводон белгилешкендей, казынага дагы 1 миллион сом букмекер конторалары жана тотализаторлордон которулган.   Эске салсак, Кыргызстанда 2012-жылдан бери кумар оюндарына тыюу салынып келген.   Бирок быйыл казинолорду кайра ачуу… Кененирээк…

Кыргызстанда тоютту сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда тоютту сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салынды.   Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Кыргызстандан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу чектөө киргизилди.   Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Евразия экономикалык биримдигине кирбеген өлкөлөргө чөп, саман, комбикорм жана акшакты экспорттоого болбойт. Ушундай эле чектөө арпа, күрүч… Кененирээк…

Бишкекте №18 мектептин кошумча корпусу ачылды

Бишкекте №18 мектептин кошумча корпусу ачылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, эки кабаттуу имарат 910 чарчы метр аянтты ээлеп, 225 орунга ылайыкталган.   Билим берүү мекемесинин кошумча имаратын курууга каражат коррупцияга каршы күрөшүү боюнча депозиттик эсептен бөлүнгөн. Мектепте окуу класстары, спорт зал, акты зал жана тиешелүү техника менен… Кененирээк…