Мектеп директорлорун дайындоо боюнча сынак убактылуу токтотулду

Мектеп директорлорун дайындоо боюнча сынак убактылуу токтотулду.

 

Бул тууралуу 24 агенттигине Билим берүү министрлигинен билдиришти. Андан түшүндүрүшкөндөй, бул “Билим жөнүндө” мыйзамы кабыл алынганына байланыштуу. Учурда сынактарды мыйзамга ылайык өткөрүү боюнча ведомство аралык жумушчу топ иштеп жатат.

 

Эске салсак, президенттин жарлыгына ылайык, 2022-жылдан тарта мектеп директорлору сынак менен дайындалып, 5 жылдан ашык кызматты ээлей албайт.