Турак жайдын бир чарчы метрин куруунун орточо наркы дээрлик 18 миң сомду түздү

Биринчи жарым жылдыкта жеке турак жайдын бир чарчы метрин куруунун орточо иш жүзүндөгү наркы дээрлик 18 миң сомду түздү. Бирок шаар менен район ортосунда олуттуу айырмачылыктар бар экенин Улуттук статистикалык комитет билдирди.

 

Шаарларда чарчы метрдин баасы орто эсеп менен 22 миң сомду түзсө, айыл жеринде орточо чыгым байкаларлык төмөн – 16 миң сомдун тегерегинде болгон.