“Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор комитетте биринчи окууда жактырылды

“Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор комитетте биринчи окууда жактырылды. Документке бир гана депутат каршы добуш берди.

 

Мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин президент Садыр Жапаров көтөргөн. Анда Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен кайра каралышы мүмкүн экени жазылган.

 

Ал эми Конституциянын 97-беренесинин 4-бөлүгүндө “Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт” деп так айтылат.