Коомдук транспортто жол кире 20-22 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн

Бишкек мэриясы коомдук транспортто жол кирени 20-22 сомго чейин көтөрүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов билдирди.

 

Анын айтымында, бул баа үчүн мэрия ыңгайлуу, өз убагында жүргөн жана жетиштүү коомдук транспорт менен камсыздашы керек. Кеп сыйымдуулугу чоң, экологиялык жактан таза, жаңы жана заманбап автобустар жөнүндө болуп жатат.

 

Учурда линияга мындай 100 автобус чыгарылды, жакын арада дагы 100ү чыгат. Жыл аягына чейин 800 жаңы автобус келип, эл ташый баштайт, деп жазды 24 агенттиги.