Бишкекте «Кыргызстан ЕХРО — 2023» көргөзмөсү өтөт

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 27-29-октябрь эл аралык универсалдуу «Кыргызстан ЕХРО — 2023» көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Аянтча саат 09:00дөн 18:00гө чейин ачык болот.

 

Көргөзмөдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

  • жеңил өнөр жай товарлары;
  • айыл чарба азыктары;
  • бал, балдан жасалган азыктар;
  • айыл чарба техникалары;
  • минералдык жер семирткичтер;
  • ошондой эле энергетика, транспорт, логистика, каржы жана камсыздоо, туризм жана башка товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр сунушталат.