Экономика министрлиги айрым процесстерди электрондук товар-транспорттук коштомо кагаздардан бошотууну сунуштады

Экономика министрлиги айрым процесстерди электрондук товар-транспорттук коштомо кагаздардан бошотууну сунуштады. Кеп калк менен эсептешүү, дыйкандарга айыл чарба продукциясын жеткирүү, товарды гуманитардык жардам катары тапшыруу жана бир катар башка процедуралар тууралуу болуп жатат.

 

Ведомстводон белгилешкендей, аталган документ электрондук товар-транспорттук коштомо кагаздарды колдонуу тартибин жөнгө салуу максатында иштелип чыкты.