Күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы Сербияда өтө турган дүйнө чемпионатында күч сынашат. Турнир 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин өтөт.
Биздин спортчулар эркин, кыз-келиндер жана грек-рим күрөшү боюнча мелдештерге катышат.
Чемпионат 2024-жылкы жайкы Олимп оюндарына тандоо үчүн уюштурулат. Сынакта жалпысынан 90 квота берилет.