Бишкекте төрт транспорттук түйүн курулат

Кытайдан келген гранттын эсебинен Бишкекте төрт транспорттук түйүн курулат. Бул тууралуу мэриянын Транспорт башкармалыгынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, алардын экөөсүн ушул айда баштоо пландалган. Бирок документтерди бүтүрүү узакка созулгандыктан иш кийинки жылга жылдырылды.

 

Транспорттук түйүн биринчи кезекте Анкара – 7-апрель көчөлөрү жана Лев Толстой – Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде пайда болот.