Таласта Кара-Кече көмүрүнүн баасы кымбаттады

Талас шаарында Кара-Кече көмүрүнүн тоннасы 5 миң 600 сомдон сатылууда. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн аталган кенден аймакка көмүр ташуу кызуу жүрүүдө.

 

Учурда Талас шаарындагы көмүр отун базасында кара отундун 1 тоннасы 5 миң 600 сомдон сатылып жатат.

 

Белгилеп кетсек, былтыр ушул маалда баа 5 миң 200 сомду түзгөн. Баанын жогорулашы күйүүчүчү майга баанын көтөрүлүшү менен байланыштырылды.