Борбор Азия саммитинде президент суу жана энергетика маселесин көтөрдү

Тажикстанда өткөн Борбор Азия саммитинде президент Садыр Жапаров суу жана энергетика маселесин көтөрдү. Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, ал сууга болгон мамилени толук өзгөртүү зарылдыгын белгилеп, бул багытта биргелешип иштөөгө чакырды.

 

Жапаров суу жылдан жылга азая баштарын, ал эми муктаждык жана керектөө көбөйөрүн, аймактагы өлкөлөрдүн саясаты ошого негизделиши зарылдыгын айтты.

 

Саммиттин алкагында Жапаров тажик президенти Эмомали Рахмон менен өзүнчө жолугуп, кызматташтык маселелерин, анын ичинде чек араны да талкуулаганы маалым болду.