Кыргызстанда эт былтыркыга салыштырмалуу 1,3 пайызга көп өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 1-сентябрына карата республикада 266,8 миң тонна эт өндүрүлгөн.
“Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 миң 484 тоннага же 1,3 пайызга көп”, — деп айтылат маалыматта.