Чолпон-Атада селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Чолпон-Ата шаарында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.

 

Сел сууларын тазалоого ӨКМдин 25 куткаруучусу, Жарандык коргонуу кызматынан 25 кызматкер, жергиликтүү бийликтен жана тургундардан 35 адам, атайын техникалар тартылган.

 

Эске салсак, кечээ, 20-сентябрда нөшөрлөгөн жаандан улам Ысык-Көл районунда катуу сел жүрүп, турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорду каптаган.