Бишкекте 50 көп кабаттуу унаа токтотуучу жай пайда болот. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, парковка алдына 49 жер тилкеси аныкталды.
Мэрия бул багытта мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында иштөөнү пландап жатат. Унаа токтотуу жайларды курууга кызыктар ишкерлерге жер тилкелери сынаксыз берилет, — деди Абдыкадыров. Белгилеп кетсек, муниципалитет айрым борбордук көчөлөрдө парковкага тыюу салууну сунуштады.