Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун сайтында маалымдалат. Эске салсак, Тыныбекова кечээ Белградда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында алтын медаль утуп, дүйнөнүн үч жолку чемпиону деп аталды.

 

Андан тышкары, спортчу өзүнө 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо камсыздады.