Бишкек мэриясы социалдык объектилерди тейлеген буу казандарды газга өткөрдү. Бул тууралуу калаа жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, жалпысынан буу казандарды модернизациялоого муниципалитет 47 миллион сом жумшады.
Газга өткөрүү – бул Бишкекти кышкысын каптаган ыш маселесин чечүүгө багытталган иштердин бири, — деди мэр.