Кытайда жаңы тренд пайда болду

Кытайда жаңы тренд пайда болду. Аялдар ичине жасалма киндиктерди чапташууда.

 

Наклейкалар чыныгы киндиктен бир нече сантиментр өйдө чапталат. Муну менен дене кыскараак, ал эми буттар узунураак болгон визуалдык эффект жаралат.

 

Кызыгы, бул трендке суроо талап чоң болуп, өндүрүүчүлөр тынбай иштеп жатат. Айрым интернет колдонуучулар тренд менен сулуулук стандарттары таңууланып жатат дешсе, айрымдары фейк киндиктин зыяны жок дешет.