Балыкчы шаарынан Тамчы айылына чейин темир жол салынышы мүмкүн

Балыкчы шаарынан Тамчы айылына чейин темир жол салынышы мүмкүн. Бул тууралуу Экономист басылмасына Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаев билдирди.

 

Анын айтымында, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо баасынын мониторинги жүргүзүлүп, аны иштеп чыгууга тапшырма даярдалды. Аны менен катар долбоордун каржылык булагын аныктоо варианттары каралууда.

 

Министр белгилегендей, жаңы темир жол линияларын куруу инфраструктураны өнүктүрүүгө шарт түзөт.