Таласта 8 жыл мурда курулуп баштаган мектеп жакында каалгаларын ачат

Таласта 8 жыл мурда курулуп баштаган мектеп жакында каалгаларын ачат.

 

Мамлекеттик курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов билдиргендей, курулуш иштери дээрлик соңуна чыкты.

 

Учурда билим берүү мекемесинин айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүүдө. Талас районунун Арал айылында жайгашкан мектеп 450 окуучуга чакталат.