Баткенде муктаждарга акысыз азык-түлүк берген дүкөн ачылды

Баткенде азык-түлүктү акысыз берген социалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.

 

Маалыматка караганда, мындай дүкөн ачууну Россия жана АКШда жашап, иштеген мекендештер сунуштаган. Алар ай сайын керектүү азык-түлүк сатып алуу үчүн акча которушат. Ал эми аз камсыз үй-бүлөлөрдүн тизмеси жергиликтүү бийлик тарабынан түзүлөт.

 

Дүкөндүн аталышы «Элден элге» деп аталат. Ал Баткен шаарынын Самат Сыдыков көчөсүндө жайгашкан жана дүйшөмбү, шейшемби, жума, ишемби күндөрү саат 11:00дөн 16:00гө чейин иштейт.