Жоламан Шаршенбеков жана Акжол Махмудов Азия оюндарынын финалына чыгышты

Жоламан Шаршенбеков жана Акжол Махмудов Азия оюндарынын финалына чыгышты. 77 килограмм салмакта күрөшүп жаткан Махмудов Камбоджа, Казакстандан келген атаандаштарын утуп, эми алтын медаль үчүн ирандык балбан менен күрөшөт.

 

Ал эми Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак категориясында чыгып, финалда Япониядан келген Аят Сузуки менен казакстандык Айдос Султангали беттешинде жеңишке жеткен спортчу менен күч сынашат.