Ысык-Көл өнүктүрүү фондунда 666 миллион сомдой каржылык бузуу табылды

Эсептөө палатасы Ысык-Көл өнүктүрүү фондунда 666 миллион сомго жакын каржылык мыйзам бузуу аныкталганын билдирди. Ага ылайык, аталган мекеме аталган фонддун 2019-2022-жылдар аралыгындагы (төрт жыл) бюджетинин сарпталышын текшерген.

«Анда бюджеттерди аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер 310928,9 миң сом; мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер 163448,9 миң сом; эсеп жана отчеттуулук тартибин бузуулар 163572,4 миң сом; мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар 27917,2 миң сомду түзгөн. Аудит учурунда калыбына келтирүүгө тийиш болгон 249047 миң сомдун ичинен 152596,1 миң сому өндүрүлгөн. Жалпы 17 жол-жоболук бузуулар аныкталган»,-деп жазылган маалыматта.

Аудиттин жыйынтыгы менен президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө отчет жана сунуш жөнөтүлгөн. Каржылык мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюуга байланыштуу жазма буйрук, сунуш берилген.

Ошондой эле Улуттук коопсуздук комитетинин облустук башкармалыгына жол берилген кемчиликтерге укуктук баа берүү үчүн бир катар материалдар жөнөтүлгөн.

Аталган фонд каржылык бузуу тууралуу маалыматка комментарий бере элек.

Башкы прокуратура мындан эки жыл мурда Ысык-Көл өнүктүрүү фонду казынага 150 млн. сом зыян келтиргенин билдирген. Анда облусту социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жана бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга деп “Кумтөр Голд” компаниясынан бөлүнгөн каражаттар максатсыз колдонулганы аныкталганын маалымдаган.

Ошол маалда «Кумтөр» алтын кен долбоорун иштеткен канадалык «Центерра Голд» компаниясы 2009-жылдагы макулдашууга ылайык жылдык тапкан кирешесинин эки пайызын Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна которуп келген.

Кыргызстан Кумтөрдү өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.