Ош: бардык наабайканалар ата мекендик өндүрүштөгү ундан нан жабууга өттү

Ош шаарындагы бардык наабайканалар ата мекендик өндүрүштөгү ундан нан жабууга өттү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда Ош шаарында 200гө жакын наабайкана бар жана алар Кыргызстандын унунан тандырга нан жаап жатышат. Белгиленгендей, жергиликтүү ундун курамы пайдалуу азыктар менен байытылган.

 

Тандыр нан дүкөн жана базарларда мурдагыдай эле 25 сомдон сатылууда.