Министрлер кабинети чет элдик жарандарга “Санарип көчмөн” макамын берүү боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтүн узартты

Министрлер кабинети чет элдик жарандарга “Санарип көчмөн” макамын берүү боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтүн узартты. Буга чейин ушул жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөт бекитилсе, эми ал 2024-жылдын 30-июнуна чейин узарды.

 

Эске салсак, “Санарип көчмөн” макамы графикалык дизайн, IT жана башка бир катар тармактарда иштеген чет элдик адистерге жеткиликтүү.

 

Аны алууга арызды Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова жана Россиянын жарандары бере алат. “Санарип көчмөндөр” ишке орношуу уруксатын алуудан 1 жылга бошотулат жана андан башка дагы артыкчылыктарга ээ болот.