Тоң районунун Кажы-Сай айылындагы мектеп-интернаттын имараты мамлекетке кайтарылды.
Генералдык прокуратуранын маалыматына ылайык, курулуштун жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткендиги боюнча доо толугу менен канааттандырылды.
Документтин негизинде 14,5 миллион сомдук мектеп имараты жана жер тилкеси Кажы-Сай айыл өкмөтүнө өткөрүлдү.