КМШнын саммитинде коомдук тартипти 4 миңден ашык милиция камсыздайт

КМШнын Бишкекте өтүүчү саммитинде коомдук тартипти 4 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Максатбек Клычев билдирди.

 

Анын айтымында, ишке борбордун, Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын жана министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери тартылат. Алар колонналардын маршрутун, иш-чара өтүүчү жерди жана делегациялардын резиденциясын кайтарууга алат.

 

Эске салсак, КМШ лидерлеринин саммити 12-13-октябрга белгиленген.