Каракол шаарында МГУнун бөлүмү ачылат

Каракол шаарында МГУнун бөлүмү ачылат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жогорку окуу жайдын ишмердүүлүгү Кыргызстан жана Россиянын мыйзамдуулугу боюнча жүргүзүлөт.

 

Абитуриенттерди кабыл алуу, мамлекеттик аттестация жана башка процедуралар россиялык университет бекиткен эреже жана мөөнөт боюнча ишке ашат.

 

Караколдогу МГУнун филиалынын ишмердүүлүгүнө шарттарды түзүп берүү министрлер кабинетине жана профилдик органдарга жүктөлдү.