Эртең Бишкектин айрым конуштарында таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 8ге чейин Ала-Тоо-1 жана Ала-Тоо-2 конуштарында суу болбойт. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.
Жарандар ичүүчү сууну алдын ала камдап алышы керек.