Бишкек жана Чүй облусундагы айрым жолдорго эки күн чектөө киргизилет

Бишкек жана Чүй облусундагы айрым жолдорго эки күн чектөө киргизилет.

 

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 25-27-октябрда Кыргызстанда ШКУ, КМШ жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны күтүлүүдө. Буга байланыштуу “Манас” аэропортунан Бишкекке чейинки жол, Чүй, Манас, Айтматов проспектилери жана Фучик, Садырбаев көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турат.

 

Бул күндөрү коомдук коопсуздукту 4 миңге жакын милиция кызматкери камсыздайт.