Кыргызстанда тигүү өндүрүшүнүн көлөмү 11 млрд сомдон ашты

Кыргызстандагы кездеме токуу жана тигүү өнөр жайындагы өндүрүштүн көлөмү ушул жылдын январь-сентябрь айларында 11 млрд сомдон ашты. Бул былтыркы тогуз айдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп.

 

Белгилеп кетсек, жеңил өнөр жай тармагынын дээрлик 100 пайызы экспортко кетет.