Кемин районунда күн электр станциясы курулат

Кемин районунда күн электр станциясы курулат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров станция алдына жер тилкесин трансформациялоо жөнүндө токтом долбооруна кол койду.

 

Ага ылайык, Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Дүйшеев айыл аймагында 28,5 гектар жер бөлүнөт. Бул жер айыл чарба багытынан чыгарылып, күн батареяларын курууга которулат.