Кыргыз-казак чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын топтолуусу катталууда

Кыргыз-казак чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын топтолуусу катталууда.

 

УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрмө түйүнүндө 410 жүк ташуучу унаа токтоп турат.

 

Эки өлкөнүн чек арачылары тарабынан жүк өткөрүүгө чектөө киргизилген эмес, бардык өткөрүү пункттары кадимки режимде иштеп жатат. Ал эми транспорттун топтолушу сезондук көрүнүш, адатта күз айларында айыл чарба продукциясынын экспорту жогорулайт, — деп түшүндүрүштү ведомстводон.