Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо 9-ноябрда башталат

Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо 9-ноябрда башталат. Бул тууралуу Novosti.kgге Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. 2024-жылы Меккеге барууну каалагандар ID-карта менен электрондук каттодон өтүп, баштапкы төлөм катары банк аркылуу 2 миң доллар төлөшү керек.

 

Ал эми сапардын жалпы баасы Сауд Аравия менен сүйлөшүүлөрдөн кийин белгилүү болот.

 

Кыргызстанга быйыл да 6 миңдин тегерегинде квота бөлүнүшү мүмкүн. Расмий маалымат январь айында айтылат.