Соцтармактар ​​адамда тынчсыздануу, стресс жана маанайдын өзгөрүшүнө себеп

Социалдык тармактар ​​адамда тынчсыздануу, стресс жана маанайдын өзгөрүшүнө себеп болот. Мындай пикирге америкалык окумуштуулар келишти.

 

Алар орточо жашы 56 жашты түзгөн 5 миңден ашык адамдын анкетасын изилдешкен.

 

Алгач долбоордун авторлору стресске жакын эмес, соцтармактарды сейрек колдонгон жарандар менен маектешкен. Андан кийин натыйжалар Facebook, TikTok жана Snapchat сыяктуу платформаларды көп пайдалангандар менен салыштырылган.

 

Жыйынтыгында акыркылар стресске көбүрөөк кабыла турганы аныкталган.