Соцфонд январь-сентябрь айларында 53 миңден ашык жаранга пенсия чектеди

Социалдык фонд жылдын январь-сентябрь айларында 53 миң 432 жаранга пенсия чектеди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, анын ичинде сентябрда 3 миң 864 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 730 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.