Чүй облусунда трансформаторлор жаңыртылууда

Чүй облусунда трансформаторлор жаңыртылууда. Электр тармактарынын аймактык ишканасынан билдиришкендей, эскирген жабдуулар Александровка айылында алмаштырылды.

 

Учурда иштер Беловодск, Кызыл-Туу жана Петровка айылдарында жүрүүдө. Белгилеп кетсек, трансформаторлорду Электр тармактары компаниясы сатып алды. Жабдууларды алмаштыруу менен керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртууга шарт түзүлөт.