Бишкекте бүгүн троллейбустар жүрбөйт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, троллейбустук каттам бир күнгө саммитке байланыштуу токтотулат.
Эске салсак, 25-27-октябрь күндөрү ордо калаада транспорт кыймылына чектөөлөр киргизилди. Чүй, Манас проспектилери, Абдрахманов, Фрунзе, Бөкөнбаев көчөлөрү тосулуп жатат.