Тажикстандын премьер-министри Кыргызстанга келди

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Кыргызстанга келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

 

Кохир Расулзода бүгүн Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат.