Бишкекте милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иштеп жатат. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, бул КМШ, ШКУ жана Евразиялык өкмөт аралык кеңешинин саммитине байланыштуу.
Коомдук тартипти сактоого 4 миңдей милиционер тартылды. Жарандарга милициянын талаптарын аткарып, абалды түшүнүү менен кабыл алуу сунушталат.