Бишкекте бүгүн Айтматовдун 95 жылдыгына арналган күзгү көргөзмө ачылат

Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган республикалык күзгү көргөзмө ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чара саат 14:00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде өтөт.
Көргөзмөнү эки бөлүккө бөлсө болот. Биринчиси — жазуучунун улуу чыгармаларынын негизинде жасалган, философтун, ойчулдун инсандык масштабын ачып берген эмгектер. Экинчиси — улуу инсандын чыгармачылыгына түздөн-түз тиешеси жок, бирок юбилейлик датасына арналган Кыргызстандын көркөм сүрөт мектебинин жалпы өнүгүүсүн чагылдырган чыгармалар.
Мында Сүйүтбек Төрөбеков, Сапарбек Осмоналиев, Руслан Абдыкеримов, Каныбек Дубашев жана башка көптөгөн сүрөтчүлөрдүн реалисттик чыгармалары маанилүү орунду ээлейт.
«Чыңгыз Айтматовдун көп кырдуу чыгармачылыгы көптөгөн заманбап сүрөтчүлөрдү композициялык экспрессивдүүлүктүн жаңы элементтери менен тажрыйба жүргүзүүгө үндөп, кызыктуу изденүүлөр Жылкычы Жакыпов, Адыл Байтереков, Рахат Итикеев, Нурдин Ахматов, Бообек Арыков, Залкар Эсенканов сыяктуу авторлор тарабынан берилген. Кыргызстандын сүрөтчүлөрү ар кандай багыттарда иштеп, дайыма шыктануунун чексиз булагына, тагыраак айтканда, Айтматовдун адабий образдарынын улуу поэтикасына кайтып келишет», — деп айтылат маалыматта.
Көргөзмө 12-ноябрга чейин созулат.