Кыргызстандын башкы унаа жолдору кыймылга ачык

Кыргызстандын башкы унаа жолдору кыймылга ачык. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.

 

Ал эми Төө-Ашууда кар жаап, жолчулар инерттик материалдарды сээп жатат.

 

Эске салсак, буга чейин синоптиктер бүгүн жана 1-2-ноябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаай турганын билдирген. Мындан улам ашуулар аркылуу жолго чыга турган айдоочулар унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, трассаларда сак болушу керек.