Кыргызстанда казино ойногон кыргыз жарандарын 2-5 жылга соттоо сунушу даярдалууда

Кыргызстанда казино ойногон кыргыз жарандарын 2-5 жылга соттоо сунушу даярдалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинде «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзамды өзгөртүү тууралуу документти кароо учурунда белгилүү болду.

 

Маалыматка ылайык, тийиштүү мыйзам долбоору жакында сунушталат.

 

Учурда өлкөдө чет элдиктер үчүн ачылган эки казино иштеп жатат. Алардын ишмердигине 2022-жылы талаш-тартыш менен уруксат берилген.

 

Мыйзамга ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет өлкөлүктөр казиного киргизилбейт.